Жалпы суроолор
Question
Simbank картасынын классы кандай?
Картанын түрү - Visa Credit Картанын классы – Visa Rewards
Question
Картаны башка валютада ачууга болобу?
Азырынча жок, бирок биз мунун үстүндө иштеп жатабыз
Question
Карта жоголду же иштебей калды - аны кантип алмаштыруу керек?
Жаңы картаны чыгаруу үчүн биздин колдоо кызматыбызга жазыңыз же Doscredobank бөлүмүнө барыңыз.
Question
Мобилдик тиркемеде телефон номерин кантип өзгөртүү керек?
"Дагы" менюсуна киресиз, "Жөндөөлөр жана профиль" дегенди тандайсыз жана телефон номерин басасыз. Жаңы номерди киргизип, SMS аркылуу келген паролдун жардамы менен аны тастыктайсыз.
Question
Смартфонду жана картаны жоготтум. Эмне кылуу керек?
Мессенджерлердин биринде колдоо кызматына дароо билдириңиз же телефон аркылуу чалыңыз: Кыргызстандан - 7700 (стационардык жана мобилдик телефондон акысыз), чет өлкөдөн - +996 228 007 700
Question
Карта боюнча тарифтерди кайдан табууга болот?
"Дагы" менюсунда - "Тарифтер", же сайтта https://simbank.kg/kg
Question
Карта боюнча көчүрмөнү кантип алуу керек?
Картанын жөндөөлөрүн ачыңыз жана "Карта боюнча көчүрмөнү" басыңыз
Question
Башка тиркемеде же сайтта колдонуу үчүн карта номерин кантип көчүрүү керек?
Жөндөөлөрдө картаны узакка басуу анын номерин алмашуу буферине көчүрөт
Question
Эки телефонго бир эле убакта бир Simbank картасын кошууга болобу?
Жок, коопсуздук максатында мындай мүмкүнчүлүк жок
Question
Google Pay колдоосу барбы?
Ооба
Question
Эмне үчүн "Картага которуу" менюсунда телефон китепчесинин байланыштар чагылдырылат?
Биз Simbank картасы бар сиздин байланыштарды көрсөтөбүз. Сиз картанын номерин киргизбей туруп өз байланыштарыңызга төлөмдөрдү жүргүзө аласыз.
Question
Башка колдонуучулардын байланыштарында менин Simbank картамды чагылдырууну өчүрүүгө болобу?
Ооба, сиз мунун "Дагы" - "Жөндөөлөр жана профиль" - "Башка колдонуучулардын байланыштарында көрсөтүү" менюсунда жасай аласыз.
Question
Тиркеменин веб версиясы болобу?
Жок
Question
Жеке каражаттардын калдыгына пайыздарды чегерүү кызматы деген эмне?
Бул кызмат 5000 сомдон жогорку картадагы жеке каражаттардын калдыгына ай сайын жылдык 5% алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Минималдуу төлөм 3 сом түзөт. Пайыздар күн сайын чегерилет жана ар бир айдын 1инде төлөнөт.