Simbank

Simbank кредиттик картасы

Кредит, жеке каражаттар, кешбэк жана төлөмдөр үчүн бир карта🖤
♥️
Чыгаруу, жеткирүү жана тейлөө —
акысыз
. Тиркемеде бир нече мүнөттө катталыңыз
QR-кодду скандаңыз жана тиркемени жүктөп алыңыз
Download App
App Store
Play Market
Simbank App

Simbank кредиттик картасынын артыкчылыктары

f1
Картаны акысыз толуктоо
Simbank картаңызды Doscredobank, Pay24, Оңой, Quickpay, Umai терминалдарында, банкоматтарда же башка банктын картасынан тез жана комиссиясыз толуктаңыз
f2
Комиссиясыз төлөмдөр жана которуулар
Мобилдик байланыш, интернет, коммуналдык жана мамлекеттик кызматтарды тез, ыңгайлуу жана комиссиясыз төлөңүз — кредиттик каражаттар менен да
f3
Кешбэк 20% га чейин
Simbank картасы менен сатып алууларды төлөп, 20%га чейин чыныгы акчалай кэшбэк алыңыз. Төлөгөндөн кийин дароо чегерилет.
f4
200 000 сомго чейин кредиттик лимитти
Кредит боюнча чечим — дароо тиркемеде. Кредитти 62 күнгө чейин акысыз пайдаланыңыз.
f5
24 айга чейин бөлүп төлөө
Сатып алууңузду, которууну же накталай алынган каражатты ыңгайлуу төлөмдөргө бөлүңүз. Комиссия — айына 2,24%. Тиркемеде дароо таризделет.
f6
Simbank тиркемеси Google Pay жана Garmin Pay менен иштейт.
Картаңызды Google Wallet же Garmin Pay'ге кошуп, телефон же акылдуу саат менен төлөңүз. Ыңгайлуу жана коопсуз!
f7
Жылына 14%га чейин депозиттер
Бир нече мүнөттүн ичинде онлайн кирешелүү жана коопсуз депозит ачыңыз. Пайыздарды ай сайын же мөөнөтүнүн аягында алыңыз. Бардык депозиттер КР Депозиттерди коргоо агенттиги тарабынан камсыздандырылат.
f8
Казына
Кыялыңызга тез жана билинбей топтоңуз Жылына кошумча 7% табыңыз. Акчаны каалаган убакта толугу менен же бөлүп чечип алсаңыз болот.
f9
Картадагы калдыкка пайыз
Жеке каражаттарыңызды картада сактаңыз жана жылына 5%га чейин алыңыз. Пайыздар күн сайын чегерилип, айына бир жолу төлөнөт.

Simbank картасынын жана тиркемесинин өзгөчө мүмкүнчүлүктөрү

1

Shake to Pay

Башка Simbank кардарына акчаны тез жөнөтүү үчүн телефонуңузду силкилдетиңиз — карта номерин терүүнүн кереги жок.
Shake to Pay
3

Ачык каттар

Simbank'та акча которууга алуучуну куттуктоо үчүн кооз ачык катты тиркөөгө болот.
Ачык каттар
5

Төлөмдү кайталоо

Акчаны кайра жөнөтүү керекпи? Тарыхтан түз эле төлөмдү кайталаңыз — маалыматты кайра киргизүүнүн кереги жок.
Төлөмдү кайталоо
2

Эсепти бөлүү

Телефон китепчесиндеги досторуңуз менен жалпы эсепти бөлүшүңүз — кафе жана жамааттык сатып алуулар үчүн эң ылайыктуу.
Эсепти бөлүү
4

Төлөмдөргө реакциялар

Simbank карталарынан келген досторуңуздун которууларына жооп катары эмоджи жөнөтүңүз — кадимки «рахмат» ордуна.
Төлөмдөргө реакциялар
6

Төлөм менен жооп берүү

Бир тийүү менен жооп катары акча которуңуз — реквизиттерди киргизүүнүн кереги жок.
Төлөм менен жооп берүү

Simbank кредиттик картасын кантип алуу керек

Leobank app
  1. Simbank тиркемесин
    жүктөп алыңыз
  2. Бир нече мүнөттүн ичинде жөнөкөй каттоодон өтүңүз
  3. Картаны акысыз жеткирүүнү заказ кылыңыз
  4. Картаны жеткирүү менен же Doscredobank бөлүмүнөн алыңыз

Simbank картасынын тарифтери

Картаны тариздөө
Акысыз
Картаны тейлөө
Акысыз
SMS / Push билдирүүлөр
Акысыз
Картаны кайра чыгаруу
Акысыз
Картаны жеткирүү
Акысыз
Картадагы калдыкка % чегерүү
жылына 5%
Simbank картасына которуу
Жеке каражаттар – Акысыз
Башка банктын картасына которуу
Жеке каражаттар – Акысыз
Картаны толуктоо
Pay24, Оңой, Doscredobank, Quickpay, Umai терминалдарында акысыз
Коммуналдык кызматтарга төлөө
Акысыз
Мобилдик телефонду толуктоо
Акысыз
Айыптарды жана башка мам.төлөмдөрдү төлөө
Акысыз
Жеңилдетилген мезгил
62 күнгө чейин
Накталай алуу
Жеке каражаттар – акысыз
Кешбэк
20% чейин

FAQ 🧐

Simbank кредиттик картасын ким ала алат?

18 жаштан жогору Кыргыз Республикасынын жарандары

Картаны онлайн төлөмдөр үчүн колдонсо болобу?

Ооба, карта бардык онлайн жана офлайн сатып алуулар үчүн иштейт

Картаны башка валютада ачууга болобу?

Азырынча жок, бирок биз мунун үстүндө иштеп жатабыз

Карта жоголду же иштебей калды - аны кантип алмаштыруу керек?

Жаңы картаны чыгаруу үчүн биздин колдоо кызматыбызга жазыңыз же Doscredobank бөлүмүнө барыңыз.

Карта же телефон жоголсо эмне кылуу керек

Мессенджерлердин биринде колдоо кызматына дароо билдириңиз же телефон аркылуу чалыңыз: Кыргызстандан - 7700 (стационардык жана мобилдик телефондон акысыз), чет өлкөдөн - +996 228 007 700

Тиркемени жүктөп алыңыз жана кара картаңызды алыңыз 🖤

QR-кодду сканерлеңиз — картаңызды бир нече тап менен ачып, үйдөн алыңыз!
Download App
App Store
Play Market