Apple Pay'ди колдонуу коопсузбу?
Ооба, Apple Pay'ди колдонуу коопсуз. Картаңыздын номери түзмөгүңүздө сакталбайт жана төлөм учурунда үчүнчү жактарга берилбейт. Бардык төлөмдөр Face ID, Touch ID же пароль аркылуу ырасталат
Эмне үчүн Simbank картаңызды Apple Wallet'ка кошуу керек?
Сатып алуулар үчүн төлөм жүргүзүү эми дагы оңой. Пластик картаңызды жаныңызда алып жүрүүнүн же ар бир төлөмдө анын маалыматтарын киргизүүнүн кереги жок — iPhone же Apple Watch жетиштүү
Apple Pay менен кайсы Simbank карталарын колдонсо болот?
Бөгөттөлбөгөн бардык жарактуу Simbank Visa карталарын
Apple Pay'ди кайсы түзмөктөр колдойт?
iPhone 6 жана андан кийинки үлгүлөр, ошондой эле Apple Watch Series 4 жана андан кийинки моделдер. Маанилүү: түзмөгүңүздө iOS же watchOS'тун актуалдуу версиясы орнотулган болушу керек
Apple Pay менен кайсы жерде төлөсө болот?
Apple Pay же байланышсыз төлөм белгиси бар бардык жерде — Кыргызстанда да, чет өлкөлөрдө да
Төлөм жүргүзүүдө лимиттер барбы?
Өзүнчө лимиттер каралган эмес. Картаңыз үчүн белгиленген лимиттер колдонулат
Комиссия жок. Apple Pay'ди туташтыруу жана колдонуу үчүн комиссия алынбайт
Телефонуңузду жоготуп алсаңыз эмне кылуу керек?
Simbank тиркемесине кирип, түзмөктү өчүрүңүз же картаңызды бөгөттөңүз. Же болбосо 7700 номери аркылуу колдоо кызматына кайрылыңыз
Apple Pay'ден картаны өчүрүүгө болобу?
Ооба, картаны каалаган убакта өчүрсөңүз болот. Керек болсо, аны кайра кошо аласыз
Карта кайра чыгарылса, аны Apple Pay'ге кайра кошуу керекпи?
Картаны кайра кошуунун кереги жок.. Картанын маалыматы автоматтык түрдө жаңыланат
Apple Pay чет өлкөлөрдө иштейби?
Ооба, Apple Pay чет өлкөлөрдө иштейт. Visa карталары жана байланышсыз төлөм кабыл алынган бардык өлкөлөрдө төлөй аласыз
Бонустар менен кешбэк сакталабы?
Ооба, бонустар жана кешбэк сакталат. Simbank картаңыздын бардык артыкчылыктары кадимки төлөмдөгүдөй эле колдонулат