Рефералдык программасы

Досуңузду Simbank кардары болууга кантип чакыруу керек?
Simbank тиркемесинде «Дагы» менюсунда «Чакыруу» пунктун тандаңыз. Өзүңүздүн чакыруу шилтемеңизди көчүрүп, досуңузга жөнөтүңүз — ал ошол шилтеме аркылуу тиркемени жүктөп алып, каттала алат. Чакыруу шилтемеңиз «Дагы» бөлүмүндөгү баннерде да жеткиликтүү.
Досуңузду чакырганыңыз үчүн бонус качан чегерилет?
Досуңуз картасын активдештиргенден кийин дароо ар бириңиздердин кешбэк эсебиңерге 100 c̲ автоматтык түрдө чегерилет
Чакыруулардын саны боюнча лимит барбы?
Жок. Сиз каалаган санда досторду чакыра аласыз
Досторду чакыруу үчүн бонустар кешбэк боюнча бир айлык лимитке таасирин тийгизеби?
Рефералдык бонустар «Досторду чакырганы үчүн» категориясына чегерилет, бирок айына 2 000 c̲ лимитке таасир этпейт. Мисалы, эгерде сиз 30 дос чакырып, 3 000 c̲ алсаңыз, анда айдын тандалган категориялары боюнча дагы деле кешбэк ала бересиз.
Досторума жөнөткөн чакыруулардын статусун кайдан текшерсем болот?
Чакыруулар боюнча статусту «Дагы» — «Чакыруу» менюсунда текшерүүгө болот
Мага кешбэк чегерилгенин кантип билсем болот?
Сизге кешбэк чегерилгени жөнүндө билдирүү келет. «Кешбэк» бөлүмүндө «Досторду чакырганы үчүн» категориясында чегерилген сумманы көрө аласыз
Досум мен жөнөткөн шилтемени пайдаланбай, өзү App Store же Play Market платформасынан тиркемени жүктөп алса, эмне болот?
Досуңуз катталып, картаны алат, бирок шилтемеңизди колдонбосо — экөөңүздөрдүн кешбэк-эсебиңизге 100 c̲ түшпөйт
Эгер досум экөөбүздүн кешбэк эсебибизге 100 c̲ түшпөй калса, эмне кылыш керек?
Мындай учурда кардарларды колдоо кызматына кайрылыңыз
Мен акчаны негизги эсепке качан чыгара алам?
Кешбэкти негизги карта эсебиңизге чыгара аласыз, эгерде сиз 250 c̲ минималдуу суммасын топтосоңуз.