Кредиттик лимит
Question
Simbank картасында жеңилдетилген мезгил кандай?
Жеңилдетилген мезгил сиздин кредиттик каражаттарды пайдаланып баштаганыңызга жараша 62 күнгө чейин колдонулат. Жеңилдетилген мезгилде калуу үчүн сиз азыркы айдагы карыздын суммасын кийинки айдын аягына чейин төлөгөнүңүз жетиштүү Мисалы: Мурда сиз картаны пайдаланган эмессиз. 5-апрелде сиз дүкөндө 1000 сом суммасында, ал эми 30-апрелде дагы 2000 сом суммасында соода кылдыңыз. Эгерде бардык сумманы 31-майга чейин төлөсөңүз, сиз жеңилдетилген мезгилде каласыз жана кредиттик каражаттарды пайдаланганыңыз үчүн банкка бир дагы тыйын төлөбөйсүз.
Question
Кредиттик каражаттарды пайдаланганы үчүн пайыздык чен кандай?
Пайдаланылган кредиттик лимиттин суммасынан айына 2,49% Жылдык чен: 29,88%, натыйжалуу пайыздык чен: 31,58%
Question
Минималдуу төлөмдүн өлчөмү кандай?
Ар айлык төлөм өткөн айдын акырына карата карыздын суммасынан 5%ды түзөт (бирок 300 сомдон кем эмес жана карыздын калдыгынан көп эмес)
Question
Милдеттүү төлөмдү кайсы күнгө чейин салуу керек?
Минималдуу төлөмдү айдын аягына чейин салуу керек
Question
Эгерде мен минималдуу төлөмдү өз убагында салбасам, эмне болот?
Төлөнбөгөн минималдуу төлөмдүн суммасы мөөнөтү өткөн төлөмгө киргизилет, сизге мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн айына 2,49% өлчөмүндө мөөнөтү өткөн минималдуу төлөмдүн суммасынан айыптык пайыздар чегерилет.