Картаны кантип алуу керек?
02
Жөнөкөй каттоодон өтүңүз, бул болгону 3 мүнөт убакытты алат :)
03
Картаны акысыз жеткирүүгө буйрутма кылыңыз
Стилдүү кара карта
Кредит, жеке каражаттар, кешбэк жана төлөмдөр үчүн бир VISA картасы 🖤. Картадагы жеке акчаңыз үчүн киреше аласыз. Баары ачык-айкын жана оңой. Эч кандай жашыруун комиссия жана жылдызчалар* жок
*чып-чын, эч кандайSimbank артыкчылыктары
01
Лимити 200 000 сом жана жеңилдетилген мөөнөтү 62 күнгө чейинки акысыз кредиттик карта
02
Банктан жана өнөктөштөрдөн кешбэк. Simbank картасы менен сатып алуулар наркынан 20%га чейин кайтарып алыңыз
03
Ыңгайлуу жана тез тиркеме банкинг тууралуу түшүнүгүңүздү өзгөртөт 😉
200 000 сомго чейин кредиттик лимит
Сиз кредитти 62 күнгө чейин акысыз пайдалана аласыз. Кредит боюнча чечим тиркемеде каттоо убагында заматта кабыл алынат. Банкка баруунун, ашыкча кагаздын кереги жок
Акысыз төлөмдөр жана которуулар
- Картага которуу (телефон номери боюнча жана карта номери боюнча)
- Өздүк картаны акысыз толуктоо Pay24, Оңой, Doscredobank терминалдарында
- Мобилдик телефонду толуктоо
- Коммуналдык кызматтарды төлөө
- Мамлекеттик кызматтарды жана ЖКЭ айыптарын төлөө
- QR-код боюнча төлөмдөр
Банктан жана өнөктөштөрдөн кешбэк
Сатып алууларга Simbank картасы менен төлөп, 20% чейин кешбэк алыңыз. Кешбэк сатып алуудан кийин дароо реалдуу акча менен чегерилет. Эч кандай балл жана бонустар жок!
Бул колдонмо банкинг тууралуу түшүнүгүңүздү түп тамырынан өзгөртөт 🙃
Shake to pay
Эгерде досуңуз жаныңызда болсо, Simbank тиркемесин ачып, досуңузга акчаны тез жөнөтүү үчүн телефондорду бирге силкилдеткиле. Карта же телефон номеринин кереги жок
Төлөмдөргө реакциялар
Эгерде досуңуз сизге Simbank картасынан акча жөнөтсө, "рахмат" же "акча келди" дегендин ордуна сиз эмоджи жөнөтө аласыз: 👍 🙏 🫡 Бул көңүлдүү жана убакытты үнөмдөйт
Эсепти бөлүү
Сиз жалпы эсепти телефон китепчесиндеги досторуңуз менен бөлүшө аласыз. Мисалы, ресторандагы кечки тамакта же жамааттык сатып алууда
Картаны бир-эки кол тийгизип башкарыңыз
Пин-кодду алмаштыруу, интернет-лимит, картаны блокировкалоо, көчүрмөнү буйрутма кылуу - мунун баарын биздин тиркемеде саналуу секундада жана акысыз жасоого болот
Кооз жана ыңгайлуу чыгымдар аналитикасы
Категорияларга, конкреттүү дүкөндөргө жана өлкөлөргө бөлүү менен сиздин чыгымдарыңыздын ыңгайлуу графиги. Сиз канча акча сарптаганыңызды жана алганыңызды көзөмөлдөп, тэги жана төлөмдөргө карата эскертүүлөрдү кошуп, бюджетиңизди пландай аласыз
Тарифтер
Картаны тариздөө
Акысыз
Картаны тейлөө
Акысыз
SMS / Push билдирүүлөр
Акысыз
Картаны кайра чыгаруу
Акысыз
Картаны жеткирүү
Акысыз
Картадагы калдыкка % чегерүү
жылына 5%
Simbank картасына которуу
Жеке каражаттар – Акысыз (МБанктан тышкары - 1%)
Кредиттик каражаттар – 3%
Башка банктын картасына которуу
Жеке каражаттар – Акысыз
Кредиттик каражаттар – 3%
Картаны толуктоо
Pay24, Оңой, Doscredobank терминалдарында акысыз
Коммуналдык кызматтарга төлөө
Акысыз
Мобилдик телефонду толуктоо
Акысыз
Айыптарды жана башка мам.төлөмдөрдү төлөө
Акысыз
Жеңилдетилген мезгил
62 күнгө чейин
Накталай алуу
Жеке каражаттар – акысыз
Кредиттик каражаттар – 3%
Кешбэк
20% чейин
Адамкерчиликтүү колдоо кызматы
Сизди жогорку деңгээлде тейлөө үчүн кызматкерлерибиз болгон аракетин жумшайт! Эч кандай роботтор жана IVR-меню жок. Сиз үчүн ыңгайлуу мессенджерлерде баарлашабыз, ал эми биздин тынымсыз байланыш номерлерине чалуу - акысыз