Simbank
Банк жөнүндө
Simbank — бул Дос-Кредобанктан мобилдик сервис. Биз бардык банк жол-жоболорун жөнөкөйлөтүп, пайдалуу кредиттик картасы менен ыңгайлуу тиркеме жасадык.
Адамдар банкка барып кылган иштин баарын биздин кардарларыбыз кезекте турбай, ашыкча кагаз жана жашыруун комиссиясыз биздин тиркемеде жасай алышат! Simbank сервисинде бөлүмдөр жок, биз банк кызматкерлеринин эмгек акысына, инкассацияга ж.б. акча коротпойбуз. Мунун ордуна биз акчаны жана күчүбүздү керемет мобилдик тиркемебизге жана кардарларга колдоо көрсөтүүгө жумшайбыз.
Simbank кардарларга өтө пайдалуу тарифтерди сунуштайт. Кадимки банктар комиссия алган кызматтарды Simbank акысыз сунуштайт. Бизге бөлүмдөрдү кармоонун кажети жок, ошондуктан акысыз кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүбүз бар!
Simbank картасын алуу үчүн биздин мобилдик тиркемени жүктөңүз жана жөнөкөй каттоодон өтүңүз. Картаны Doscredobank бөлүмүнөн алсаңыз болот же дарегиңизге акысыз жеткирүүнү заказ кылсаңыз болот.
DocumentКупуялык саясатыDocumentПерсоналдык маалыматтарды бөгөттөө/өзгөртүүнүн шарттары